Презентация - Кыргыз-Тили

Нужно больше вариантов? Смотреть похожие
Нажмите для полного просмотра
Кыргыз-Тили
Распечатать
  • Уникальность: 94%
  • Слайдов: 14
  • Просмотров: 246
  • Скачиваний: 41
  • Размер: 0.04 MB
  • Онлайн: Да
  • Формат: ppt / pptx
В закладки
Оцени!
  Помогли? Поделись!

Слайды и текст этой онлайн презентации

Слайд 1

Кыргыз-Тили, слайд 1
Кыргыз- тили
2-а класс Кадырова Жыпара

Слайд 2

Кыргыз-Тили, слайд 2
Жаңы Тема: Көнүгүү иштөө
Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк: Окуучулар сүйлөмдүн баяндоочу боюнча алган билимдерин бышыктап көнүгүүлөрдү иштешет.Сөздөрдөн сүйлөм түзгөнгө үйрөнүшөт. Текстти окуп түшүнүктөрүн айтышат. Өнүктүрүүчүлүк : Окуучулардын сөз байлыгы, өз алдынча сынчыл ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу өнүгөт. Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар бири – бирин сыйлоого, угууга жана эмгекке, тапкычтыкка тарбияланышат.

Слайд 3

Кыргыз-Тили, слайд 3
Үй тапшырма
1.Сүйлөм деген эмне? 2.Сүйлөм канчага бөлүнөт ? 3.Алар кайсылар ? 4.Сүйлөмдүн ээси деген эмне? 5.Кандай суроолорго жооп берет? 6. Сүйлөмдүн баяндоочу деген эмне? 7.Кандай суроолорго жооп берет?

Слайд 4

Кыргыз-Тили, слайд 4
Жаңы тема: Көнүгүү иштөө
317- Көнүгүү Тексттин 2- бөлүгүн окуу. Бүгүн дем алыш болгондуктан, бул үйдөгүлөрдүн баары үйдө. Таалайбек дем алышты жакшы билет. Себеби атасы мындай күндөрдө уулун чанага отургузуп алып көчөгө чыга турган.Кыйла жерге сүйрөп барып , анан кайра келчү. Дем алыш болдубу, Таалайбектин чери , жарпы жазылат. Керели- кечке эрмеги- атасы. Бүгүн ошол чана тепмей күндөрүн эске түшүрүп , күтпөгөн жерден атасын чакырып калды. - Ата, бери келчи, кулагыңа бирдеме айтайын -Эмнени айтмаксың ? - Бери келсең бир кызык. “Бир кызык” дегенинен улам, “Кандайдыр бир жаңылыкты айтканы жаткан го”- деп ойлоп уулунун жанына басып барды. -Кана айтчы угайын ! -Жүрсөң эшикке барганда айтам. Бир сонун..... Жакып “Чын эле бир сонунду айтат го ” – деген ой менен уулунун артынан ээрчий басты. Текстте канча сүйлөм канча сөз бар? Эсептеп чыккыла!

Слайд 5

Кыргыз-Тили, слайд 5
318- Көнүгүү Сүйлөмдөрдү түзгүлө
Сүрөттөргө сүйлөм түзүү. Физ минутка

Слайд 6

Кыргыз-Тили, слайд 6
319- көнүгүү
Табышмактарды таап, баяндоочторду тапкыла.

Слайд 7

Кыргыз-Тили, слайд 7
1- топ
Итче үрбөйт Уйкуну билбейт Ал турган үйгө Эч ууру кирбейт ( К....)

Слайд 8

Кыргыз-Тили, слайд 8
2- топ
Төрт нерсе бири- бирине жете албаган Ажырап бири- биринен кете албаган (Ж.. М......)

Слайд 9

Кыргыз-Тили, слайд 9
3- топ
Өзү аппак жазылат Жер түбүнөн казылат (Б..)

Слайд 10

Кыргыз-Тили, слайд 10
1- карточка
Адашкан сөздөрдөн макалдарды курагыла 1- топ Алтын, чыгат, жерден, Чыгат , элден, баатыр. 2- топ Кыз, кундуз, жакадагы, жакшы Уул, жылдыз, көктөгү, жакшы 3- топ Элпек, бала, жакшы Жаман , тентек, бала

Слайд 11

Кыргыз-Тили, слайд 11
2- карточка
Күчүктөрдүн аттарын шифрлердин жардамы менен тапкыла.
м.а.ы.с.у.ч.р.к.й.о.ж.т.п.л
1.2.3.4.5.6.7.8.9.10.11.12.13.14
1- Күчүк 5,6,2,7
2- Күчүк 8,5,1,2,9,3,8
3- Күчүк 2,8,11,10,14,12,10,9

Слайд 12

Кыргыз-Тили, слайд 12
3- карточка Ырдагы ээ баяндоочторду тапкыла
Кар ээриди, кар кетти Жердин бети көгөрдү Ким айдады ким септи Байчечекей төрөлдү Эне тилин билбеген Эси жогун аныктайт Эне тилин сүйбөгөн Элин сүйүп жарытпайт Кыргыз тили ыйык тил Манас бабам сүйлөгөн Талыкпастан кызыгып Кыргыз тилин үйрөнөм.

Слайд 13

Кыргыз-Тили, слайд 13
Сабакты бышыктоо
“Ооба, жок” Эмне кылды ? Эмне кылып жатат? Эмне кылат ? Деген суроолор сүйлөмдүн баяндоочун билдирген сөздөргө берилет. Бул сөздөр сүйлөмдүн баяндоочу боло алабы ? Китеп, самоор, кыл кыяк Бул сүйлөмдүн баяндоочу – шакылдады. Сагызган шакылдады. Бул сүйлөмдүн баяндоочу эмне кылды? деген суроого жооп берет. Тоодо аба - ырайы бат эле өзгөрүп турат.

Слайд 14

Кыргыз-Тили, слайд 14
Уйгө тапшырма
320- көнүгүү
^ Наверх
X
Благодарим за оценку!

Мы будем признательны, если Вы так же поделитесь этой презентацией со своими друзьями и подписчиками.